Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Дүйнөлүк бокс серияларында кытайлык мушкер менен беттешет

Кыргыз мушкери Азат Усеналиев 20-март күнү Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында төртүнчү беттешин өткөрөт. Бул тууралуу Азат намысын талашып келе жаткан “Украиналык атамандар” клубунун расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул күнү украиналык клуб Киевде “Кытай ажыдаарлары” командасын кабыл алат. 5 беттеш орун ала турган командалык тиреш алкагында Азат Усеналиев 52 килограмм салмакта рингге чыгат. Мушкердин атаандашы Ху Жиангуан болмокчу.

Андан тышкары украиналык клубдун курамынан Олег Прудкий (60 кг), Олег Зубенко (69 кг), Александр Хижняк (81 кг), Игорь Шевадзуцкий (91 килограммдан жогорку салмакта) рингге чыгат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bektur2
2015-03-17 18:07:25
Алга кыргыз мушкери ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан