18-мартка караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасында чейрек финалдык жолдомолордун ээлери аныкталды. Тактап айтканда, испаниялык "Атлетико" жооптук оюнда өз үйүндө германиялык "Байерди" утуп, чейрек финалга жолдомо алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, беттештин негизги убактысы 1:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен, 2 беттештин жыйынтыгын алганда тең чыгуу менен аяктады. Конокто дал ушундай эсеп катыштыгында утулган "Атлетиконун" жалгыз голун Марио Суарес киргизди. Андан соң командалар жеңиш ээсин пенальтилер сериясында аныктамай болушту. Анда 3:2 эсебинде испаниялык клуб жеңишке жетишти.