Кечээ, 17-мартта Бишкекте алыш күрөшү боюнча аталган күрөштүн түптөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык "Гран-При" мелдеши болуп өттү. Анда жалпысынан Беларусь, Грузия, Индия, Литва, Латвия, Молдова, Монголия, Орусия, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Финляндия, Эстония, Израиль жана кыргыз өлкөлөрүнүн 115 спортчусу катышты. Уландар арасында 6 салмакта, кыз-келиндер арасында 5 салмакта жеңүүчүлөр аныкталды. Жалпы жыйынтыкка келсек, уландар арасында кыргыз балбандары 6 салмакта тең алтын медаль тагынышты. Ал эми кыз-келиндер арасында да айыгышкан күрөш жүрүп, жыйынтыгында 5 алтын медалдын экөөнү кыргыз кыздары, 2 алтынды өзбекстандыктар, 1 алтынды Түркмөнстандын өкүлү багындырды. Байгелүү 3 орунга илинген спортчулардын тизмеси төмөндө толугу менен берилди.
Кыз-келиндер арасында
52 килограмм салмакта
1-орун. Рыскулова Анара (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Надирова Мадина (кыргыз өлкөсү)
3-орун. Кулова Нурайым (кыргыз өлкөсү), Рузиева Гүлдона (Өзбекстан)
58 килограмм салмакта
1-орун. Шерметова Дилдор (Өзбекстан)
2-орун. Момунова Маарим (кыргыз өлкөсү)
3-орун. Абдырахманова Зарина (Түркмөнстан)
66 килограмм салмакта
1-орун. Халлыева Динара (Түркмөнстан)
2-орун. Абдыманап кызы Бүбүсайра (кыргыз өлкөсү)
3-орун. Алыбай кызы Уулкан (кыргыз өлкөсү), Бактияр кызы Нурзат (кыргыз өлкөсү)
76 килограмм салмакта
1-орун. Юлдошова Күмүш (Өзбекстан)
2-орун. Суркиева Насиба (Түркмөнстан)
3-орун. Маматнаип кызы Айнагүл (кыргыз өлкөсү)
76 килограммдан жогорку салмакта
1-орун. Сарбахова Нагира (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Юлдошова Рахима (Өзбекстан)
3-орун. Кубаева Ширин (Түркмөнстан), Рахманова Дилдора (Өзбекстан)
Уландар арасында
60 килограмм салмакта
1-орун. Садыралы уулу Нурлан (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Мурзабеков Арланбек (кыргыз өлкөсү)
3-орун. Набиев Баатырбек (кыргыз өлкөсү), Мурадов Шатлык (Түркмөнстан)
70 килограмм салмакта
1-орун. Кочкоров Мырзабек (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Аллаков Хангелди (Түркмөнстан)
3-орун. Эркебаев Алманбек (кыргыз өлкөсү), Шаршеналы уулу Мадаминбек (кыргыз өлкөсү)
80 килограмм салмакта
1-орун. Рашван уулу Шукурулло (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Гурбандурдыев Пиргулу (Түркмөнстан)
3-орун. Кожомуратов Бектурган (кыргыз өлкөсү), Сагыналы уулу Кубанычбек (кыргыз өлкөсү)
90 килограмм салмакта
1-орун. Кожобеков Нурбек (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Карабаев Мирбек (кыргыз өлкөсү)
3-орун. Сабыржан уулу Акматжан (кыргыз өлкөсү), Жумаев Гылыч (Түркмөнстан)
100 килограмм салмакта
1-орун. Аканов Чыңгыз (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Аканов Нурбек (кыргыз өлкөсү)
3-орун. Ашыров Орозбек (кыргыз өлкөсү), Батыров Сейдил (Түркмөнстан)
100 килограммдан жогорку салмакта
1-орун. Малажанов Абдумалик (кыргыз өлкөсү)
2-орун. Эрназаров Самандар (Тажикстан)
3-орун. Эргашев Дадажон (Өзбекстан), Бапиев Кенжебек (кыргыз өлкөсү)