Биз социалдык тармакта

Чүй облусунун тургуну көчөдөн таап алган ок атуучу куралды милицияга тапшырды

Чүй облусуна караштуу Искра айылынын тургуну көчөдөн таап алган тапанчаны өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-мартта милицияга 25 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал чет өлкөдө жасалган, белгисиз үлгүдөгү тапанчаны үйүнөн алыс эмес жерден таап алгандыгын билдирген. Адистердин айтымында, көчөдөн табылган тапанча травматикалык курал-жаракка кирет жана аны колдонууга болот. Учурда аталган тапанчанын ээсинин өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baba.
2015-03-18 14:46:03
Эмнеле курал таап жатышат.же тонкоруштогу куралдар эми табылып жатабы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан