Бүгүн, 18-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасында жарым чейрек финалдык баскычтагы жооптук оюндар өтөт. Анда каталондук “Барселона” клубу өз үйүндө англиялык “Манчестер Ситини” кабыл алат. Өткөн оюнда “Барсанын” оюнчулары конокто 2:1 эсебинде жеңишке жетишкенин эске алган менен, кийинки баскычка чыгуу оңойго турбайт. Ага кошумча “Барселона” Испания чемпиондугунун 28-турунда 22-мартта мадриддик “Реал” менен беттешет. Ушуга байланыштуу күчүн сарптоого, курамдагы оюнчуларды сактоого туура келиши мүмкүн.
“Барселона” (Испания) – “Манчестер Сити” (Англия)
Барселона шаары. “Камп Ноу” стадиону
Калыс: Жанлука Рокки (Италия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)
Буга катар Италиянын “Ювентус” клубу конокто Германиянын “Боруссия” клубу менен кез келет. Өткөн оюнда 2:1 эсебинде жеңишке жетишкен “Ювентусту” бул жолу да татаал сынак күтүп турганын жашырып болбойт.
“Боруссия” (Д, Германия) – “Ювентус” (Италия)
Дортмунд шаары. “Сигнал Идуна Парк” стадиону
Калыс: Милорад Мажич (Сербия)
Башталышы: 01:45 (Бишкек сааты боюнча)