Чемпиондор Лигасында "Барселона" менен "Ювентус" чейрек финалга чыгышты

Испаниянын “Барселона” клубу менен Италиянын “Ювентус” клубу УЕФАнын Чемпиондор Лигасында чейрек финалчылардын катарын толуктады. Жарым чейрек финалда испаниялыктар Англиянын “Манчестер Сити” клубун 2 оюндун жыйынтыгында утуп чыкса, италиялыктар Германиянын “Боруссия” клубун жер каратты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-мартка караган түнү “Барселонанын” оюнчулары “Манчестер Ситини” 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы жалгыз голду Иван Ракитич 31-мүнөттө киргизди. 78-мүнөттө коноктордун курамынан Серхио Агуэро пенальти тебе алган жок. “Барса” бул атаандашын алгачкы оюнда 2:1 эсебинде утуп алган.

Ал эми “Ювентус” клубу “Сигнал Идуна Парк” стадионунда конокто “Боруссияны” 3:0 эсебинде утту. Карлос Тевес анда 2 гол жаратса, дагы бир голду Альваро Мората киргизди. Италияда өткөн алгачкы беттеште италиялыктар 2:1 эсебинде жеңишке жетишишкен.

Кошумчалай кетсек, буга чейин чейрек финалдык жолдомону “Реал”, “Атлетико” (экөө тең Испания), ПСЖ, “Монако” (экөө тең Франция), “Бавария” (Германия) жана “Порту” (Португалия) клубдары камсыздашкан. Чейрек финалдагы атаандаштар 20-мартта боло турган чүчү кулактын жыйынтыгында белгилүү болот. 

Чемпиондор Лигасы. "Барселона" - "Манчестер Сити". 1:0
Чемпиондор Лигасы. "Боруссия" - "Ювентус" - 0:3
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан