Учурда Бишкектеги “Аккула” ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат. 12 команда катышкан мелдеште финалчылар аныкталды. Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгына карап, финалда “Талас” жана “Сары-Өзөн” командалары кез келмей болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, финалдык оюн жана 3-орун үчүн болгон оюн 21-мартка туураланган. 3-орунду жарым финалда утулуп калган “Бөрүлү” менен ИИМдин командасы талашат.
Чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы:
“Талас” - “Токмок” – 20:3
ИИМ - “Ак-Суу” – 15:3
“Бөрүлү” - “Көк-Жал” – 6:0
“Сары-Өзөн” - “Казарман” – 16:5
Жарым финал:
“Талас”-ИИМ – 4:0
“Сары-Өзөн” - “Бөрүлү” – 12:3
21-мартта орун алчу оюндар:
3-орун үчүн оюн: “Бөрүлү” – ИИМ
Финал: “Талас” – “Сары-Өзөн”