Бишкек шаарында айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 19-мартта саат 11:00 чамасында болгон. Анда кичи автобустун айдоочусу 46 жаштагы аялды сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучунун мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.