Эртең, 21-мартта Бишкектеги эски аянтта Нооруз майрамына карата спорттук иш-чаралар уюшулат. Саат 12:30дан 15:30га чейинки аралыкта өтө турган иш-чаранын алкагында күрөш, кулатуу, тогуз коргоол, аркан тартыш, кол күрөш, чака чапмай сыяктуу спорт түрлөрүнөн оюндар уюшулат.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, атайын спорт түрлөрү боюнча мелдештерде шаар тургундары күчтөрүн сынап, байге ала алышат. Мындан тышкары айрым спорт түрлөрүнөн көргөзмөлөр болот.