Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-ЛИГАнын командалары жаңы сезонго даярдык көрүп жатышат. 18-мартта бишкектик клубдар “Дордой” менен “Алга” жолдоштук оюн өткөрүп, 1:1 эсебинде тең ойношту.
“Дордойдун” расмий сайты кабарлагандай, оюндун жүрүшүндө “Алга” клубу эсепти ачып, Турсунали Рустамов айырмаланды. “Дордойчулар” эсепти 2-таймда теңегенге үлгүрүп, голду Мирлан Мурзаев өз эсебине жазды. Оюндун калган бөлүгүндө мүмкүнчүлүктөр болгону менен, жеңишти камсыздоо эки командага тең буюрган жок.