Чемпиондор Лигасында чүчү кулак ташталды. Чейрек финалда “Атлетико” менен “Реал” ойнойт

Бүгүн, 20-мартта Швейцариянын Ньон шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын чүчү кулак таштоо аземи болуп өттү. Иш-чарага бир катар футбол ишмерлери, аталган мелдештин чейрек финалына чыккан командалардын өкүлдөрү катышты.

УЕФАнын Чемпиондор Лигасында эң күчтүү делген 8 команданын катарына Англиянын клубдары кирбей калган. Чейрек финалга “Барселона”, “Реал”, “Атлетико” (Испания), ПСЖ, “Монако” (Франция), “Бавария” (Германия), “Ювентус” (Италия) жана “Порту” (Португалия) клубдары чыккан. Жыйынтыгында жуптар төмөнкүдөй тартипте ойномой болушту:

ПСЖ (Франция) - “Барселона” (Испания)

“Атлетико” (Испания) - “Реал” (Испания)

“Порту” (Португалия) - “Бавария” (Германия)

“Ювентус” (Италия) - “Монако” (Франция)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
expert.007
2015-03-20 18:01:30
Реалга ийгилик
+1
Patrik
2015-03-20 19:07:59
FCB чемпион болот буюрса!
+1
st1m_
2015-03-20 20:21:31
Бавария чемпион!!! 100%
+2
u.n.m
2015-03-22 00:13:29
реал учун куйормандык кылалы!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан