Бишкекте Ноорузга карата иш-чаралар спорттук мелдештер менен коштолууда

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамы белгиленүүдө. Ошондой эле эски аянтта да бир катар спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө мелдештер болуп жатат. Шаардык спорт комитети тарабынан уюшулган иш-чарада күрөш, кулатуу, тогуз коргоол, аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, чака чапмай, стол тенниси сыяктуу спорт түрлөрүнөн оюндар өтүүдө. 
Анда каалоочулардын спорт аянтына чыгып, түрдүү спорт түрлөрүнөн өз күчүн сыноосуна шарт түзүлгөн. Ошондой эле Street Workout спорттук багыты боюнча да күч сынашуулар орун алып жатат. Буга күбө болгон элдин саны да жылдагыдан кыйла көп экенин байкоого болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
martaprelmay2015
2015-03-21 15:35:29
Сонун болуп атыптыр да,кана эми мекенибизде болсок биз да чыкмакпыз да шаарга сейилдеп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан