Дүйнөлүк бокс серияларында кыргыз мушкери Азат Усеналиев кытайлык мушкерди утуп алды
Кыргыз мушкери, "Украиналык атамандар" жарым профессионалдык клубунун намысын талашып келаткан Азат Усеналиев20-март күнү Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын алкагында төртүнчү беттешин өткөрдү. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, бул күнү украиналыктар Киев шаарында “Кытай ажыдаарлары” командасына каршы турушту. Жыйынтыгында алар 4:1 эсебинде жеңишти камсыздай алышты. 52 килограмм салмакта рингге чыккан Азат Усеналиев атаандашы Ху Жиангуанды упай айырмачылыгында утуп алды.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев