Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча мелдеште “Сары-Өзөн” командасы жеңишке ээ болду

Бишкектеги “Аккула” ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештин финалы жана 3-орун үчүн оюн болуп өттү. Жыйынтыгында ИИМдин командасы “Бөрүлү” командасын утуп, 3-орунду камсыздай алды. Бул оюндун негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктагандыктан, 3-орун ээси буллитте аныкталды. Ал эми финалда “Талас” жана “Сары-Өзөн” командалары кез келишти. Акыркы жылдары бардык мелдештерде катары менен жеңүүчү болуп келаткан таластыктар курч мүнөздө өткөн бул беттеште утулуп калышты. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.

Оюндардын жыйынтыгы: 

3-орун үчүн оюн: “Бөрүлү” – ИИМ - 0:0 (буллитте 3:1 эсебинде ИИМдин командасы утту)

Финал: “Талас” – “Сары-Өзөн” - 1:2

Кошумчалай кетсек, бул мелдеште 1-орун үчүн 500 миң сом, 2-орунга 300 миң сом, 3-орун ээсине 200 миң сом каралган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sagyn01
2015-03-21 20:20:10
Баш байге магнитафооон:))))
-3
Maksat94
2015-03-21 20:40:18
коой сын эле магнитафонбу? баш байге
-2
katiusha
2015-03-21 20:59:14
talastyktar alga
-1
nurik2103
2015-03-21 21:02:16
Сары озон каерликтер
-1
beka79
2015-03-22 12:09:36
Сары-Озон Чуйлуктор Ысык-Атанын жигиттери (каер эмес кайсы жерликтер)
+4
kelechek.kg
2015-03-21 22:34:33
Чуй болсо керек
+1
kerakg
2015-03-21 22:46:55
Сары озон, Суусамыр. а байге 1000000 сом.
+3
magira
2015-03-22 02:20:03
"талас" командасы утат деп ойлодук эле!!!бирок азаматсынар!!!бул оюн.. кийинкиде албетте жениш силердики!!!:)
+1
realliver
2015-03-22 12:06:50
Сары-Озон азыр аябай кучтуу болуп алыптыр. Мурунку Тынай командасынан Нурбекти, Кабылан командасындагы Урматты кошуп алышыптыр.
0
lolalola
2015-03-24 03:45:51
Kaap, talas utulup kalgan go :((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан