УЕФАнын Евролигасынын чейрек финалына чыккан 8 команда чүчү кулактын негизинде атаандаштарын тапты. Мелдештин бул баскычында да уюштуруучулар орусиялык жана украиналык клубдардын өз ара ойнобоосунун алдын алып, алардын башка-башка атаандаштар менен ойноосун камсыздашты.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:
“Севилья” (Испания) – “Зенит” (Орусия)
“Днепр” (Украина) – “Брюгге” (Бельгия)
“Динамо” (Украина) – “Фиорентина” (Италия)
“Вольфсбург” (Германия) – “Наполи” (Италия)
Кошумчалай кетсек, бул баскычтагы алгачкы оюндар 16-апрелде, ал эми жооптук оюндар 23-апрелде өтөт.