Бүгүн, 23-мартта кыргыз өлкөсүнүн 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы Азия чемпиондугунун тандоо туруна катышып баштамак. 31-мартка чейинки аралыкта футболчуларыбыз “В” тайпасында Пакистан, Иордания, Кувейт жана Түркмөнстан курамалары менен кез келмек. Тилекке каршы, Азиянын футбол конфедерациясы бул тайпанын оюндарын жылдырганга мажбур болду. Буга оюндар өтө турган Пакистандын Лахор шаарынан анча алыс эмес жайгашкан аймакта орун алган баш аламандык себеп болгон. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, оюндар өтө турган күн жакынкы аралыкта катышуучу командалардын өкүлдөрү менен болгон кеңешменин жыйынтыгында белгилүү болот.