Борбор калаада "5 жаштагы кыз менен ойногусу келип" аны уурдап бараткан 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматкери
Мырзабек Токтосунов билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-март күнү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында 5 кыз ойноп жаткан. Саат 14:00 чамасында кыздар ойноп жаткан жерге азиат улутундагы белгисиз жаран келип аларды кууган. Алардын арасынан 5 жаштагы кызды күчкө салып сүйрөп, уурдоого аракеттенген. Кыз кыйкырып жардамга чакырып баштаганда аны апасы угуп калып сыртка чыккан. Апасы ал маалда экинчи баласын эмизип отурган экен.
"Кыздын апасы ызы-чуу салып элди жардамга чакырган. Алыс эмес жерде өтүп бараткан милиция патрулу да жардамга келип, кызды уурдап бараткан жаранды кармап кеткен. Ал Ош облусунун Ноокат районунун 24 жаштагы Абдумалик аттуу тургуну экени аныкталды. Сурак учурунда ал ажырашып кеткенин жана уурдап бараткан кыз менен тең кызы бар экенин айткан. "Менин кызыма окшош экен, мен аны жөн эле эркелетип, аны менен ойногум келген" деп айтты. Учурда ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ал СИЗОго камакка алынды. Азыркы тапта бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө",- дейт М.Токтосунов.