Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Ысык-Көлдө машыгуу сборун өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, машыгуу сбору 18-мартта башталган. Канатбек Бегалиев жетектеген курамга 13 спортчу кирген. Бул үчүн Олимпиадага даярдоо борборунан 400 миң сом бөлүнгөн. Курам төмөнкүчө:
59 килограмм салмакта:
Арсен Эралиев, Хасан Сулайманов, Урмат Аматов
66 килограмм салмакта
Нургазы Асанкулов, Аскар Бегалиев, Атай Койчукулов
71 килограмм салмакта
Руслан Царев, Кайрат Түгөлбаев
75 килограмм салмакта
Данияр Көбөнов, Атабек Азисбеков, Самат Ширдаков
85 килограмм салмакта
Жанарбек Кенжеев, Азат Бейшекеев