Футбол боюнча улуттук курама команда Ооганстан менен болчу жолдоштук оюнга камынууда
Футбол боюнча улуттук курама команда 31-мартта Ош шаарында Ооганстан менен боло турган жолдоштук оюнга камынууда. Бүгүн, 24-мартта башкы машыктыруучу Александр Крестинин жетектеген курама команда кезектеги машыгуусун өткөрдү. 2 сааттык машыгуунун жүрүшүндө оюнчулар коргонууда жана чабуулда ойноону жакшыртууга багытталган бир катар көнүгүүлөрдү кайталашты. Улуттук курама команданын мүчөсү Азамат Байматов машыгуудан кийин төмөнкүлөргө токтолду: "Ооганстан менен боло турган оюнда Оштогу А.Сүйүнбаев стадиону толоруна ишеним бар. Биз ооганстандыктарга каршы акыркы эки оюнда уттуруп жибергенбиз. Эми өз үйүбүздө кабыл алып жатканыбызда жеңишке жетишип, реванш алганга милдеттүүбүз. Бизге түзүлгөн шарт, даярдык мыкты экенин эске алып, жеңишке гана ойной турганыбызды айтам".
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев