Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) 24-мартта Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде учурдагы президент Мишель Платини кийинки 4 жылдык мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Платини бул кызматка талапкерлерлигин койгон жалгыз футбол ишмери болгон. Башка талапкерлер шайлоого баруу үчүн арыз беришкен эмес. Платини Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешин 2007-жылдан тарта жетектеп келет. Бул жолу ал үчүнчү мөөнөткө шайланды.
Кошумчалай кетсек, ал 2012-жылы бир катар Азия өлкөлөрүн кыдырып, анын ичинде кыргыз жеринде да болгон. Көпчүлүк анын сапарын Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенттигине талапкерлигин көрсөтөрү менен байланыштырып, шайлоо алдында упай топтоо үчүн келгенин айтышкан. Бирок баары серепчилер айткандай болгон жок. Аталган уюмдун президенттигине талапкер 4 футбол ишмеринин катарында Мишель Платининин ысымы жок.