Улуттук Олимпиада комитетинин президентин шайлоо май айларында орун алышы мүмкүн

Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов дүйнөдөн мезгилсиз кайткан соң комитеттин иштерин вице-президенттер Александр Воинов менен Каныбек Осмоналиев аткарып жатышат. Ал эми президентти шайлоо май айларында болушу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган комитеттин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 24-мартта Аткаруу комитетинин жыйыны болуп, шайлоо өткөрүү, талапкерлерди кароо жана бул кызматка кимдир бирөөнү убактылуу шайлоо боюнча маселелер Мурат Саралиновдун кыркылыгы өткөнгө чейин каралбай тургандай болду. “Негизи, мындай учурда ишти үзгүлтүккө учуратпай алып кетүүнү Улуттук Олимпиада комитетинин вице-президенттери колго алышат. Аткаруу комитетинин кийинки жыйынында шайлоонун так датасы бекитилет. Негизи, Мурат Саралинов “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасы бүткөнгө чейин кызматта болмок. Эми кийинки шайланган президент 1,5 жыл кызматта болот”,- дейт К.Аманкулов.

Талапкерлигин кимдер көрсөтүүгө укуктуу экенин жана канча убакытта шайлоонун убактысы бекитилерин сураганыбызда Канат Аманкулов төмөнкүдөй жооп кайтарды: “Аткаруу комитетинин жыйыны өткөндөн кийин талапкерлердин арыздарын кабыл алууга кем дегенде 10 күн убакыт бөлүнөт. 16-апрелде Мурат Саралиновдун кыркылыгы болсо, Аткаруу комитетинин 8 мүчөсү чогулуп, шайлоонун датасын белгилешет. Ошондо шайлоо май айында болуп калышы мүмкүн. Шайлоонун жүрүшүнө Азиялык Олимпиада комитетинин жана Эл аралык Олимпиада комитетинин өкүлдөрү келип, көз салып отурушат. Талапкерлерге токтолсок, бул кызматка Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөлөрү гана талапкерлигин көрсөтө алышат. Бизде 43 мүчө бар. Бирок бул 43 талапкер болот дегенди түшүндүрбөйт, 1-2 гана талапкер болушу мүмкүн”.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан