4 ай мурун Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси болуп дайындалган Доорбай Миңбаев өнүктүрүү планын иштеп чыга элек. Анын бул багыттагы ишин жыйынтыктоо үчүн дагы бир ай убакыт сураганын SUPER.KG порталына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.
Ал алгач аталган агенттиктин алдындагы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жана Олимпиадага даярдоо борборунун 4 ай мурун шайланган жетекчилеринин ишине токтолду. “Жаңы шайланган жетекчилер иштеп жатышат, жумуштарында жылыш бар. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору Ноорузга карата ат оюндарын жана алыш күрөшү боюнча ири эл аралык мелдешти жакшы уюштурду. Менин оюм боюнча, Улуттук борбор мелдеш өткөрүү менен чектелбей, өнүктүрүү программасын түзүш керек. Бул үчүн дагы бир ай убакыт бердим. Ал эми Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаров комплекстүү илимий-изилдөөчү топ жана медициналык борбор түзүп жатат. Жыйынтыгын спортчулардан сурап көрүш керек”,- деди К.Эргешов.
Кошумчалай кетсек, Олимпиадага даярдоо борборунун буга чейинки жетекчиси Назирдин Акылбеков бөлүнгөн каражатты туура эмес колдонуп, аталган борборду чыгымга алып келген деген себеп менен кызматтан алынган. Ал эми Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун мурунку директору Алмаз Касенов ээлеген кызматынан өткөн жылдын ноябрь айында бошотулган. Мунун себеби катары ижарага берилген спорттук арена жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда курулуш иштеринде кетирген каталарына байланыштуу экени айтылган.