Жыл башынан бери Чүй облусунда жаш балдардын катышуусунда 29 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу балдардын катышуусундагы жол кырсыктарында балдардын жаракат алуусу 30 пайызга өскөн. 2014-жылы ушул мезгилде 22 факт катталып, 2 жаш бала каза тапкан.
Учурда Жол-кайгуул кызматы мындай кырсыктардын алдын алуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрүүдө. Анын катарында "Көңүл бургула, балдар!" рейди да бар.