Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Ак-Босого конушунда трансформатор күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Тоң районунун Кара-Талаа айылында 1,5 гектар куураган чөп күйгөн. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунда трансформатор өрттөнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан