Бишкек шаарында жыл сайын өтүүчү кичи футбол боюнча райондор аралык мелдеш болот. Мында ар бир райондун жашоочулары футбол командасын түзүшмөкчү. Мындай билдирүүнү шаардык мэриянын Дене тарбия жана спорт боюнча комитети билдирди. Маалыматка ылайык, 2012-жылы Бишкектеги райондор арасында 12 жолу мелдеш өткөн. Оюн 23-февраль күнү башталмакчы. Азырынча командаларды тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди аталган комитет.