Спорт тармагындагы көрүнүктүү көйгөйлөрдүн бири - аймактарда 5700 сом айлык алып иштеген машыктыруучулардын маянасынын аздыгы. Учурда атайын комиссия түзүлүп, алардын айлыгын көтөрүү боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов кабарлады.
Анын айтымында, шаар жеринде иштеген машыктыруучуларга спортчулардын ата-энелери акча төлөйт. Ал эми айыл жеринде мындай шарт жок, себеби акча төлөнчү ийримдерге ата-энелер балдарын жибербейт. “Түзүлгөн комиссия канча каражат керек экенин толук изилдөө менен алектенет”,- деди агенттиктин директору.