Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Доорбай Миңбаев Дөлөн Өмүрзаков атындагы кичи спорттук аренада оңдоп-түзөө иштеринин али башталбаганын айтып, журналисттер менен бирге аталган жайды текшерди. Ал оңдоо иштеринин башталбаганынан улам келишимди жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылганын айтты.
Анын айтымында, бул жай 2014-жылы 7-майда “Гильдия цеховиков” ишканасына 35 жылга ижарага берилген. Келишимде ишкана алгачкы 3 жыл ичинде (2014-жылдан 2017-жылдын 1-декабрына чейин) акы төлөмөк эмес. Анын ордуна ижарага алган тарап аянтты оңдоп-түзөө иштерин аткарып, 2017-жылдын 1-декабрынан тарта 2049-жылга чейин ижарага айына 101 102 сом каражат төлөмөк. Аталган спорттук жайдын аянты 805,9 чарчы метрди түзөт.
“10 айдан бери аталган ишкана курулуштун планын, сметасын жана ай сайын аткарылган жумушунун отчётун бере элек. Улуттук борбор мындан жыйынтык пайдасыз деп таап, мамлекетке зыян алып келерин аныктап, келишимден бир тараптуу баш тартты. Бирок “Гильдия цеховиков” ишканасы каршы экенин билдирген”,- кошумчалайт Д.Миңбаев.
Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору келишимди жокко чыгаруу боюнча доо арызы менен Бишкек шаарындагы Райондор аралык сотуна кайрылган. Соттук отурум 2015-жылдын 26-майына дайындалган.