Кыргыз спортчулары Казакстанда өткөн оор атлетика боюнча мелдеште 4 медаль тагынышты

Жаштар жана өспүрүмдөрдөн куралган оор атлетика боюнча курама команда Казакстанда Ноорузга карата уюшулган мелдеште 4 медаль алып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КРнын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 11-марттан 22-мартка чейинки аралыкта өтүп, ага 250дөн ашык казак жана кыргыз спортчулары катышкан. 12 салмак категориясында байге коюлган мелдеште Султан Ашымов 105 килограмм салмакта алтын медаль тагынса, Токтогул Бообек уулу (62 килограмм салмакта), Курсант Төлөнов (77 килограмм салмакта) жана Урмат Сыргабаевдер (85 килограмм салмакта) күмүш медалдарды тагынышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан