Казакстандын Алматы шаарында жашаган кыргыз мекендештерибиз эрежесиз эр уруш боюнча машыгуучу спорттук клубун ачышып, ага маркум Баяман Эркинбаевдин ысымын ыйгарышты. Бул тууралуу спорттук клубдун негиздөөчүсү жана машыктыруучусу Дөөлөтбек Ормонов 26-мартта билдирди.
Анын айтымында, клубда учурда 20дан ашуун кыргыз жаштары машыгышууда.
“Баяман Эркинбаев агабызды спортко салымын кошкон кыргыздын чыгаан уулу катары сыйлайм, ошондуктан бул спорттук жайга анын ысымын ыйгардык. Буюрса, Бишкек шаарындагы инилериме да ушундай спорттук клуб ачып берсем деген максаттарым бар. Өзүм мурда эрежесиз эр уруш боюнча Казакстандын Алматы шаарынын атынан мелдештерге катышып жүрчүмүн.
2010-жылы Казакстанда өткөн республикалык мелдеште 75 килограмм салмакта чемпион болгом. Эми машыктырып жаткан балдарды кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдештерге чыгарам. Азыр жигиттерди машыктырууга атайын Бишкектен эрежесиз эр уруш боюнча Азия жана Кыргыз Республикасынын чемпиону Арслан Тыныбековду машыктыруучу кылып чакырттык”,- дейт ал өз сөзүндө.