13-февралда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Чалдыбар жатак мектебинде өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча атайын машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу Талас облустук Өрткө каршы башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмчөсүнүн башчысы Тилек Рыспеков кабарлады. Иш-чаранын максаты - аталган жатак мектептин окуучуларына жана мугалимдерине өрт чыккан учурда кандай чара көрүү керектигин үйрөтүү болгонун айтты Рыспеков. Машыгууга Бакай-Ата районун өрткө каршы ыктыярдуу кошуунунун өкүлдөрү жана мектеп жамааты катышты. Жыйынтыгында атайын чогулуш өткөрүлүп, жатак мектептин жетекчилигине ыраазычылык айтылды.