Бишкекте 36 жогорку окуу жайынын студенттеринин катышуусундагы Универсиада оюндары старт алды

Бүгүн, 26-мартта Бишкекте өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ортосунда өтүп келген Универсиада оюндары салтанаттуу түрдө старт алды. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн ачылыш аземине КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, КРнын Студенттер спорту боюнча федерациясынын жана Массалык спорт, ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык “Жаштык” борборунун өкүлдөрү, студенттер күбө болушту. Гимн обого жаңырганга чейин былтыр Венгрияда студенттер арасындагы күрөш түрлөрү боюнча өткөн Дүйнө биринчилигинде 59 килограмм салмакта алтын медаль тагынган Калыбек Жолчубеков сахнага чакырылды. Ага желекти обого көтөрүү милдети жүктөлүп, анан гимн жаңырды. 

Уюштуруучулар кабарлашкандай, бул жылкы Универсиада оюндары 1 айга чукул убакытка созулуп, 23-апрелде жыйынтыкталат. Анда 36 жогорку окуу жайынын студенттери спорттун 17 түрү боюнча өз күчтөрүн сынашат. Командалык эсепте жана жекеликте байгеге илинген командалар жана спортчулар медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан