16-20-февраль күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда волейбол боюнча эрекектер арасында өлкөнүн 5-чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, мелдеш Улуттук жана Жогорку болуп эки Лигада өтөт. Чемпиондуктун Улуттук Лигасында «Салам-Алик» (Бишкек), «Жаңы муун» (Ысык-Көл), «Ош бажысы» (Ош), «Улар» (Бишкек), «ИИМдин Динамо» командасы (Бишкек) жана ИИМдин Ички аскерлеринин командасы (Бишкек) таймашка түшөт. Ал эми чемпиондуктун Жогорку Лигасында «Сольвейг Спорт» (Бишкек), «Жаш күч» (Ош), «Теңир-Тоо» (Нарын), «Алай-Датка» (Бишкек), «Чаткал», (Жалал-Абад) «Жаштык» (Жалал-Абад), «Кара-Суу-Ош бажысы» (Ош) жана «Дархан» (Ош) командалары мелдешке түшмөкчү.