Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 23 жаштагы Д.К. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Алматы көчөсүнөн белгисиз адам Лексус үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Г.И. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан