Ош. 31-мартта ооган-кыргыз өлкөлөрүнүн улуттук курама командалары футбол боюнча достук беттешин өткөрүшөт

31-мартта Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы Ооганстандын улуттук курама командасы менен достук мелдешин өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн шаар башкармалыгы тарабынан даярдыктар көрүлүп жатат. Оюн талаасын эл аралык талаптарга ылайыкташтыруу иштери жүрүүдө. Ош шаарында биринчи жолу республиканын курама командалары чет элдик командалар менен беттешет",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot...kg
2015-03-27 13:47:02
Админ, жергиликттүү каналдар көрсотөт бекен?
Анан олимпиадалык курамыбыз жөнүндө маалымат бере кетсеңиздер. Мисалы: учурда каякта, эмне менен алек? Пакистандагы оюн не болду качан болот экен?
0
admin_portal
2015-03-27 16:57:11
Patriot...kg, саламатсызбы!
Маалыматыбыз болгондо кабарлап коебуз.
0
sirgak_92
2015-03-27 18:50:38
Patriot...kg олимпиадалык курам азыр улуттук курам менен чогуу журот Пакистанда боло турган оюн Лахор шаарындагы алыс эмес жерде жардыруу болгонуна байланыштуу жылдырылган.Ащырынча белгисиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан