Чүй. "13 жыл мурун күйөөсүн өлтүрүп, көмүп салган" деп шектелген аялдын көрсөтмөсү

"Чүй облусунун Беловодск айылында 2002-жылы күйөөсүн бычак менен сайып өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп салган" деген шек менен кармалган аял сурак учурунда "мен жолдошумду өлтүрбөгөндө, ал мени эчак жок кылмак" деди. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын журналисттери жеринен барып билип келишти. 1962-жылкы К.Т. аттуу кылмышка шектүү аялдын айтымында, маркум анын экинчи жолдошу болгон. 
"Биринчи күйөөм менен Казакстанда жашачубуз, мен ошол жактын жараны болом. Андан эки чоң кызым бар. Ал эми экинчи жолдошум экөөбүз мен кыргыз жергесине көчүп келгенде таанышып, турмуш курганбыз. Бирок аны менен эки жыл жашагандан кийин мас болуп келип мени дайыма сабачу. Башымдын эки жери жарылган, бетимде, оозумда тырыктарым бар. Анын уруп-сокконуна 4 жыл чыдадым, ажырашалы десем, "сен менден эч жакка кетпейсиң" деп коркутчу. Азыр менин экинчи күйөөмдөн эки өспүрүм балам да бар",- деди кылмышка шектүү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
elgiz0890
2015-03-27 16:51:31
мына сага жашоонун оюндары
+1
Sarabanda
2015-03-27 18:35:51
Орус оюндагысын кылат болуптур да.
-2
zhykyo
2015-03-27 19:36:04
13 жылдан бери "тымпыйып" жургон тура, "билинбей калды" деп. "Кыныр иш кырк жылда" деген кыргыздын созу бекер чыккан эмес да.
-2
jypar.i
2015-03-29 21:21:58
Ичкен адам менен жашагандан көрө жалгыз жашаган жакшы.Эки балалуу болгуча,эмнеге чыдады экен. Кудай жардам берип эле таштап койбосо, ичкичке арактан башка "ыйык" нерсе жок,андайларга ата-эне,аялы менен балдары бир тең,арак бир тең. Ошон үчүн кийинки муундарга айтарым,ичкиликке жакындабагыла,өз өмүрүңөрдү аракка алмаштырбагыла, Кыргызстандын келечеги силердин колуңарда
+1
urmat-87
2015-03-30 09:45:16
13жыл издеген жокбу бул кишинин тууган уруктары ?тооба ыйман бере кор!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан