100 миң доллар пара менен кармалган прокуратура кызматкери 2 айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда “кызмат абалынан пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.