Борбордо "унаалардын мамлекеттик номурларын уурдаган" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "унаалардын мамлекеттик номурларын уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы К.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда белгисиз жарандар анын Мерседес үлгүсүндөгү унаасынын мамлекеттик номурун чечип кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Э.К. аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2015-03-27 18:32:10
Озун гаишник зезип кеткен го 33 жаштагы Э.К.деген жаран.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан