Спорт агенттиги 10 машыктыруучуга "Эмгек сиңирген машыктыруучу" наамын ыйгарууну туура көрдү

27-мартта Бишкекте Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйынында "Эмгек сиңирген машыктыруучу" наамына талапкерлердин ысымдары каралды. Аталган агенттиктин маалыматына ылайык, анда бул наамга 13 машыктыруучу көрсөтүлүп, анын онуна наамды ыйгаруу чечими чыкты. Калган 3 машыктыруучуга мындай наамды ыйгаруу колдоо тапкан жок. 

"Эмгек сиңирген машыктыруучу" наамына татыктуу болгондордун тизмеси: Закутний Игорь (5 спорттун айкалышы), Сурина Ольга (5 спорттун айкалышы), Тажиматов Тухтабай (жеңил атлетика), Нечипуренко Людмила (жеңил атлетика), Борисова Татьяна (жеңил атлетика), Назармухамедова Тахмина (дзюдо), Калыков Абдыганы (волейбол), Анкудинов Андрей (волейбол), Кызалаков Чойбек (ордо), 

Алишев Таалайбек (кулатуу).  

Кошумчалай кетсек, 1963-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта 574 машыктыруучуга "Эмгек сиңирген машыктыруучу" деген наам берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан