23-февралдан 9-мартка чейин Бишкектеги Ала-Арча капчыгайында альпинизм боюнча мелдеш өтөт. Иш-чараны КРнын Альпинизм федерациясы жана Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт боюнча комитети уюштурууда. Мелдешке өлкөдөгү спорт клубдарынын өкүлдөрү, дене тарбия мекемелеринин жана мурда альпинизм менен алектенип жүргөн спортчулар катыша алышат.