27-мартта Кант шаарында футбол боюнча улуттук курама команда "Абдыш-Ата" футболдук клубу менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Улуттук кураманын 31-мартта Ооганстан менен боло турган жолдоштук беттешине даярдыгынын алкагында уюшулган оюн 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
КРнын Футбол федерациясы кабарлагандай, оюн жүрүшүндө улуттук кураманын оюнчулары активдүү болушканы менен, гол жарата алышкан жок.
Кошумчалай кетсек, кыргыз футболчуларынын Ооганстанга каршы жолдоштук беттеши 31-мартта Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо болот.