Өлкөнүн 15 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн курама командасы Япониянын Осака шаарында өткөн “Sport for tomorrow” эл аралык мелдешинде 4-орунду камсыздады. Футболчуларыбыз 3-орун үчүн болгон оюнда япониялык команда менен кез келип, 0:7 эсебинде жеңилүүгө мажбур болушту. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, финалда Иран командасы тажикстандыктар менен 0:0 эсебинде ойноп, андан соң пенальтилер сериясында 6:5 эсебинде утту.
Кошумчалай кетсек, 25-29-март аралыгында өткөн мелдешке кыргыз өлкөсүнүн, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Өзбекстан, Япония, Ооганстандын командалары жана “Токио”, “Kyoto sanga” клубдары катышты.