Азербайжандык спортчу эрежесиз панкратион боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатканда атаандашы тарабынан башына катуу сокку жеп каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 27 жаштагы спортчу Рамин Зейналовдун өлүмүнүн себеби мээсине кан куюлуп кеткени менен байланыштуу болгон. Эсин жоготкон мушкерди дарыгерлер эсине келтире алышкан жок.
Спортчунун атасы Алиаббас Зейналов уулунун мындай мелдештерге ата-энесинин уруксаты жок катышып келгенин айтты. “Уулумдун панкратион боюнча мелдештерге катышуусуна каршы болчумун, бирок ал мени уккан эмес. Жыйынтыгында минтип көз жумуп отурат. Анын рингге чыкканга чейин медициналык кароодон өткөнүн айтышты”,- деп кошумчалайт каза болгон мушкердин атасы.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканы маалымдалууда. Рамин Зейналовду кокусунан өлтүрүп алган спортчу аны акыркы сапарга узатуу иш-чарасына да келген эмес.