Бүгүн, 30-мартта футбол боюнча улуттук курама команда Ош шаарына келип түштү. 31-мартта Ооганстан менен жолдоштук беттеш өткөрө турган оюнчулар бүгүн чакан машыгуудан өтүшөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Теңкелбес Мусаев кабарлады.
Анын айтымында, Ооганстан
курамасынын футболчулары да бүгүн келишет. “Кар жааганына карабай улуттук
кураманын машыгуусу үзгүлтүккө учурабайт. Оюн өтө турган А.Сүйүнбаев атындагы стадиондун
майданына зыян алып келбөө үчүн машыгууну башка жайда өткөрүүгө аракет кылабыз”,- деп кошумчалады
Т.Мусаев.
Кошумчалай кетсек, Ооганстан менен жолдоштук оюн 31-мартта Оштогу А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өтөт. Беттешке саат 16:00дө старт берилет. Кирүү акысыз.