Казакстандын Алматы калаасында кыргыз жаштары спорттун самбо түрү боюнча “Казфарад” аталган машыгуучу зал ачып, ал жакта каалоочу мекендештерибизди акысыз машыктырышууда. Бул тууралуу аталган машыгуу залынын машыктыруучусу Фархад Абдыжапаров бүгүн, 30-мартта билдирди.
“Өзүм Ош облусунун Кара-Суу районунан болом. Казакстанга эл катары соода кылайын деп келгениме 7 жыл болду. Бул жактан соодадан тышкары спорт менен да алектенип, жыйынтыгында 2012-2013-жылдары Казакстандын чемпиону болгом. Анан спортту сүйгөн мекендештерибизге жардам кылалы деп бул машыктыруучу залды ижарага алганыбызга 7 ай болду. Аталышы дос балдарыбыздын ысымдарынан куралган. Учурда 30га чукул кыргыз жигиттери бекер машыгып жатышат. Алар мелдештерге кыргыз өлкөсүнүн атынан катышышат,”- дейт ал сөзүндө.