Жети-Өгүздө өрт кырсыгы катталып, бир адам каза тапты

Жети-Өгүздө өрт кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 30-март күнү болгон. Анда Талды-Булак айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, ичинен 1960-жылы туулган Ниязбек Чыныбековдун жансыз денеси табылган. Кырсыктын келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан