Жалал-Абад облусунда жер көчкү түшүп, турак жайларга кооптуу абал жаралды

Жалал-Абад облусунда жер көчкү түшүп, турак жайларга кооптуу абал жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-март күнү Кызыл-Суу айылынын Ичке-Сай тилкесинде көлөмү болжол менен 10 000 метр куб болгон жер көчкү түшүп, Күнгөй айылынан Тескей айылына баруучу ички чарбалык жолду тосуп калган. Ошондой эле жер көчкү жүргөн жерде 10 үй-бүлөнүн турак жайына кооптуу абал жаралган. Мындан улам бул турак жайлардын жашоочуларына коопсуз жерге көчүп кетүү боюнча эскертүү берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chyngyz1992
2015-03-31 13:49:56
эскутуу деп коюшат,Кочо бергидей алар эмне боз уйдо жашап жатышат бекен жардам берсе болбойбу Окмот эмне кылып жатат
+3
begai93
2015-04-04 02:23:49
Жаман эле чепуха доодуроп койуша берет ушулар!чын эле оюн бекен кочуп кетиш эле.Аракет кылып жардам беришпейби!озулорун ойлошот кудай анын бетин ары кылсынго эсли что бирдемке болуп кетсе чыгышат кыйын болушуп "биз айтканбыз эскерткенбиз",деп чочколор!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан