Кантта жаштар аралык футбол боюнча кышкы мелдештин акыркы туру өтөт
16-февралда Чүй облусунун Кант шаарында жаштар аралык футбол боюнча кышкы мелдештин акыркы туру өтөт. Аталган спорт түрүнүн Федерациясы билдиргендей командалар 9 орунга топ боюнча беттешишмекчи. Айта кетсек, “А” тобунда “Дордой” командасы, “В” тобунда болсо “Абдыш-Ата” командасынын футболчулары алдыда келе жатышат. Аталган кышкы мелдештин акыркы турунда “Дордой” менен “Абдыш-Ата” командалары биринчиликке ат салышмакчы. Айта кетсек, бул спорттук иш-чарага “Алга”, “Химик”-ФЦ-95, “Дордой-2” жана башка командалар да оюн көргөзүшүүдө.