Футбол боюнча кыргыз курамы "Алай" футбол клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 3:0 эсебинде жеңишке жетти

Бүгүн, 31-мартта Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Алай" футбол клубу менен кыргыз курамы жолдоштук беттеш өткөрдү. Анда футбол боюнча кыргыз курамы демилгени колго алып, жеңишке жетишти. Алсак, оюндун 47-мүнөтүндө Фархад Мусабеков, 49-мүнөттө Турсунали Рустамов, 75-мүнөттө Жыргалбек уулу Кайрат "Алай" футбол клубунун дарбазасына бирден гол киргизишти.

Айта кетсек, бүгүн Ошто футбол боюнча кыргыз курамы менен ооган курамы жолдоштук беттеш өткөрмөк. Бирок Ооганстандын курамы Бишкекке келип, Ошко баруудан баш тарткан. Алар буга аба ырайынын катаалдыгын себеп кылышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
tin90
2015-03-31 21:30:31
Ошко келишке духу жетпейтго, духу.
0
bakyt_2015
2015-03-31 22:31:27
Ой жазат десе эле жаза бергендер бар...
+1
X-peria
2015-03-31 22:32:56
Ооганстан беттештен баш тартышса техникалык женилуу болуш керек эле 3-0 эсебинде...негедир 0-0 б-ча калды
-1
bakyt_2015
2015-03-31 22:39:09
X-peria, Жолдоштук беттешуулорго тех.поражение жазылбайт. Зарылдыгы жок(эч нерсе чечпейт)
+4
fanatkg
2015-03-31 23:54:04
bakyt_2015, менимче рейтингге мкыйла очка кошот эле....
0
adjo_krsu
2015-04-01 09:09:23
X-peria,Оюнду технкалык себептерге байланыштуу деп, башка датага жылдырылышы мумкун...
0
akniet7baiken
2015-04-02 13:27:42
Негедир Алай очуп баратат убагында кыргызстандын алдынкы Командаларынын бири эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан