Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт агенттиги өлкөнүн 40 районунда иш алып барып келген бөлүмдөрүн жоюп, 7 облустук бөлүмдү ишке киргизүү иштерин баштады. Аталган агенттиктин массалык спортту өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Канат Арпачиев баштаган бир катар кызматкерлер 31-мартта Ош облусуна жөнөп кетишти.
SUPER.KG порталына К.Арпачиев билдиргендей, алар облустагы райондук бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана эсепчилерди кызматтан алып, облустук бөлүмдү ачышмакчы.
Кошумчалай кетсек, буга чейин мындай чечимдин кабыл алынганын агенттиктин директору Кадырбек Эргешов жар салган. Ал райондук бөлүмдөр менен иштөө кыйынчылык туудуруп жатканын айтып, чечилбеген маселелердин көптүгүнөн улам ушул кадамга барышканын айткан.
Буга чейин ар бир райондо бирден бөлүм башчы, эсепчи жана башкы адис иштеп келген. Эми райондордо бирден инструктор калтырылат. Бул иштер өкмөттүн 10-марттагы токтомунун негизинде жүзөгө ашырылууда. Кызматтан алынгандарга мыйзам чегинде 3 айдын айлыгы төлөнөт.