23-марттан 31-мартка чейинки аралыкта 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамалар арасындагы Азия биринчилигинин тандоо туру өттү. Тандап алуу турунда 10 тайпага бөлүнгөн курамдардан эң көп упай алган 9 команда мелдештин финалдык баскычына жолдомо алды.
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) расмий сайты кабарлагандай, мелдештин финалдык баскычына жолдомону Ирак, Сауд Арабия, БАЭ, Сирия, Австралия, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Япония жана Кытай курамалары камсыздашты. Ал эми кыргыз өлкөсүнүн 23 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн олимпиадалык курамасы али ойной элек. Футболчуларыбыз “В” тайпасында Пакистан, Иордания, Кувейт жана Түркмөнстан курамалары менен кез келмек. Тилекке каршы, Азиянын футбол конфедерациясы бул тайпанын оюндарын жылдырган. Буга оюндар өтө турган Пакистандын Лахор шаарындагы жардыруулар себеп болгон. Айрым маалыматтар боюнча, бул тайпанын оюндары 24-апрелден тарта Кувейтте өтмөкчү.
Кыргыз футболчулары кийинки баскычка чыгуу үчүн тайпасынан 1-орунду камсыздашы керек. Ошондой эле мыкты жыйынтык менен тайпадан 2-орунду алган командалар да кийинки баскычка чыга алышат.